21:22 19 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348
Коом
Кыскача шилтеме алуу
СССРсиз чейрек кылым (13)
144 0 0

Sputnik Советтик Кыргызстан учурундагы мугалимдер менен сатуучуларды өткөн-кенкенди эстөөгө мажбулап, көз карандысыздыкка жеткенден кийин педагогдордун жашоосу жакшы жакка өзгөргөн-өзгөрбөгөнүн билип көрдү.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Союз жоюлганына чейрек кылым болсо да, жашоо ал кезде азыркыдан жакшы беле же жокупу деген талаш-тартыштар басылбай келет. Sputnik өткөндү аңтарып көрүп, советтик мугалимдердин эмнеге колу жетчү экенин аныктап, аны азыркы эгемендүү Кыргызстандын мугалимдеринин абалына салыштырып көрдү.

1988-жылы, башкача айтканда, "Кайра курууга" бир жыл калганда жана баары жакшы кезде Кыргыз ССРинин кайсы бир мектебинде иштеген жогорку билимдүү мугалим өз адал эмгеги үчүн 120 рубль алчу, ал эми 2016-жылы анын кесиптеши орто эсеп менен айына 10 миң 393 сом алат. 

Эт. Эгер ушул эки замандын эки угалими акылга келбеген иш кылып, болгон айлык маянасына уйдун этин сатып ала турган болсо, советтик мугалим үйүнө 66 килограмм эт (1,8 рублдан), ал эми азыркы мугалим болгону 35 килограмм эт (293 сомдон) көтөрүп келмек.

Шекер. СССРдин педагогунун эмгек маянасы 154 килограмм шекерге (78 тыйындан) барабар болсо, эгемендүү Кыргызстандын мугалими тапкан кирешеге 186 килограмм (56 сомдон) шекер келет.

Ун. Советтик мугалим богон айлыгына баасы 41 тыйындык жогорку сорттогу 293 килограмм ун ала алмак! Биздин замандашыбыздын көрсөткүчү төмөнүрөөк болуп, 39 сомдон 266 гил гана ала алат.

Сүткө келсек, көрүнүш мындай: советтик мугалимдин колуна литри 20 сомдон (!) 600 литр тийсе, азыркы мугалимге 343 литр тиет. Азыр сүт орто эсеп менен 30 сом турат.

Арак. Совет убагында арак бир топ кымбат эле. 3,62 сом турган жарым литрлик бөтөлкөдөн советтик мугалимдин айлыгы 33тү сатып алмак. Азыркы мугалимдик айлыгы 60 бөтөлкөгө жетет.

Батир. Советтик мугалим акысыз квартира алганга кезекке тургандан баш тартып, өзү сатып алам десе, айлыгынан бир тыйын да коротпой эки жыл топтосо, 3 миң рублдук корпоративдик бир бөлмөлүү батир ала алмак. Биздин замандаш 105-сериядагы бир бөлмөлүү батир үчүн 1,5 миллион сом айлыгын эч коротпой чогултканга 12 жыл жумшамак.

Жаңы "Москвич-412" унаасын 4 987 рублга сатып алыш үчүн СССРдин жараны үч жарым жыл акча топтошу керек эле. Ал эми колдонулган кичинекей унааны 330 миң сомго алыш үчүн азыркы мугалим үч жыл акча үнөмдөшү керек.

Тема:
СССРсиз чейрек кылым (13)

Тема боюнча

Исхак Масалиев: СССР убагында эл эртеңкисине кабатыр болчу эмес
Кыргыз интеллигенциясынын түптөөчүлөрүнүн бири — Зууракан Иманкалыкова эскерилет
Белгилер:
экономика, эгемендүүлүк, билим, мугалим, Советтик Кыргызстан, СССР

ЭҢ МААНИЛҮҮ