Гүлшайыр Садыбакасованын айылга каты. Машиналарды айдай качып, желдет күткөн учурлар

© Sputnik / Нургуль МаксутоваКыргыз Республикасынын Эл артисти, Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын директору, "Кыз-Бурак" эстрадалык тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова жазды.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын директору, Кыз-Бурак эстрадалык тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова жазды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айылдыктардын көкөйүнө тийип, чоң эле кишилердин астындагы машинесин айдай качкан окуучу кызды элестетип жатасызбы. Анын артынан эки колун булгалай алдастап чуркаган айдоочу… Мотоцикл менен шайтан арабаларды тээп кетүү турган иш. Бул жана башка окуяларды бүгүнкү биздин Айылга каттан окуйсуздар.

Бүгүн айылга катты Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын директору, "Кыз-Бурак" эстрадалык тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова жазды.

Дүйнөлүк деңгээлдеги кыргыз ортопеди, медицина илимдеринин доктору, акедемик, профессор Сабырбек Жумбаков - Sputnik Кыргызстан
Профессор Сабыр Жумабековдун айылга каты. Элитага алмашкыс классташтар…
— Кат сагынганда, ойлогондо, ниет кылгандагы мамиле түзүүчү баа жеткис байланыш куралынын бири эле. 7-класста окуп жүргөндө "Ленинчил Жаш " гезитине " Кызыл жагоо" деген ырымды жөнөткөм. 8-класста апамдын башынан өткөн үйдөгү окуяны күлкүлүү кылып жазып, "Көлөчтүн арманы" деген ат менен "Чалкан" сатиралык журналына салып жиберсем аным да чыккан. Алгачкы кат дегенде мен ошол учурларды эстедим. Эми аларды отура калып эле жазбайсың да, ойлонуп, толгонуп аны кагазга тизмектейсиң. Алгачкы катымды ошентип чыгармачылыктын чөйрөсүнө багыттап, анан өмүр бою ошол чөйрөдө эмгектенип калдым.

Окуучу кезден тартып эле журналист болом деген кыялым бар эле. Эки жыл катары менен ал кесипти үйрөтө турган институтка өтө албай, конкурстан "кулап калдым". Буйрук экен, Владимир Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер институтунун музыка факультетине кирип, анан тагдыр мени музыкага жетелеп кетти. Анткен менен ыр жазуу, журналисттик шык бүгүнкү күнгө чейин мага жардам берип келет.

Кат дегенде ошентип, балалыгым, жаштыгым эске түштү. Мен Ноокат районундагы ал кездеги Жал совхозунда, Апшыр-Сай деген кереметтүү жери бар аймакта төрөлгөм. Эми сөз кылып отурса, ал бир өзүнчө дүйнө эле…

Желдет топтогон эркек мүнөз кыз

КРдин Эмгек сиңирген артисти, ырчы Динара Акулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Динара Акулованын айылга каты. Сагыныч, ээн там жана Аң-Өстөнгө жетелеген сезим
— Балалыкка кайрылсам. Кичинемден тарта эле шок, бир нерсеге кызыксам, аны тыкыр карап, изилдеп, буюм-тайым болсо анын ичин ачып, талкалап, ичиндегилерин көрүп, анан жаным тынчу. Муну эми кийин чоңойгондон кийин эстеп, баамдап жатам да. Балдардын көпчүлүгү ошондой эмеспи.

Үйдө балдардын улуусу болгондуктан, атам мага негизинен сырттагы оокаттын жумушун тапшырчу эле. Ал эми сиңдим Гүлайга үйдүн ичиндеги оокаттарды кылуу үлүшү тийген. Анын таасиринен улам, эркек мүнөз болуп калсам керек. Кар күрөп, огород менен арыкты чабуу менин мойнумда эле. Балдар менен теңтайлаша ойноп, командир болгонду жакшы көрөт элем. Улуу балдар командир боло берет экенсиң, сага кошулбайбыз десе, уруп жиберип, "желдеттердин" катарына тизгеним, эсимде. Албетте, ал учурларды эстесем, бир жылмайып коём. Айтор, шок болуп чоңойгонмун. Мындай эркектик мүнөз үчүн далай төпөш да жегем. Ал калыптанбаган каны суюк мезгилдер да. 

Айдай качкан автоунаа. Колун булгалай чуркаган Исмаил аке

— Азыр эстесем, ал кездеги техника ээлеринин бир топ эле шаштысын алчу экенмин. Техникага ушунчалык жакын элем деп айтпадымбы жогоруда. Рулда отургандардын жанында бара жатып эле, тирмийип карап отуруп, кайсынысын эмне кылганда басыш керектигин, кантип от алдырып, кантип буруп, кантип өчүрүштү эстеп калчумун. 

© Sputnik / Нургуль МаксутоваКыргыз Республикасынын Эл артисти, Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын директору, "Кыз-Бурак" эстрадалык тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова
Народная артистка КР Гулшайыр Садыбакасова - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын директору, "Кыз-Бурак" эстрадалык тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова

Көчөдө кандай техника турса, ал менден калчу эмес. Мотоцикл болсо аны минип кете берет элем. Ал эми кадимки машиналардын ачкычы сайылган бойдон калса, бүттү, аны көргөн Гүлшайыр кыя өтчү эмес. Азыр ойлосом, бирөөнү коюп кетсем эмне болот эле депөзүм коркуп кетем. Мага далайлар машина, мотоциклдерин уурдаткан. Велосипеддер мындай эле калчу.

Бир аз айдап баргандан кийин, токтотуп коюп, жылт койчумун, себеби, кармап алса, ачууланган айдоочулар өлтүрөт эле да мени. Кийин билсем, машина жоголгондо эле "баягы Гүлшайыр айдап качты" дешчү экен…

Отургучка жабышып калган эжем

Сказитель и дастанчи Омурзак Кайыпов - Sputnik Кыргызстан
Дастанчы Өмүрзак Кайыпов: отуздан ашканда ээн тамда ыйлап… Айылга кат
— Бир окуя эске түшөт. Жүк ташуучу машинага түшүп, баарыбыз тамеки үзгөнү жөнөп баратабыз. Ал кезде аял, бала-чакага карабай тамекиге чыгат эмес белек. Машинанын үстү толо аялдар. Исмаил аттуу айдоочубуз бар эле. Мен тырмышып кабинага түштүм, себеби, мага кызык да. Баягы эле техникага түгөнбөгөн сүйүүм да. Жанымда чоң эле аял, кырктарга барып калган атамдын бир тууган эжеси отурат. Исмаил аке түшүп кетти, бир нерсеге. Мен эки жакты карадым да, сайылып турган ачкычты шарт бурадым. Машина от алып, жүрүп баратат. Сексейип рулга отуруп алгам. Баягы жанымдагы эжекем чалкалаган бойдон отурган орундугунда жармашкан тейде, катып калды. Үн, сөз деген жок. Өңү купкуу, коркконунан ай, токтот дегенге жараган жок окшойт. Үстүндөгү аялдар капары жок келе жатат, себеби, Исмаил аке айдап бара жатат дешти окшойт да. Күзгүдөн караганды да үйрөнүп алганмын, баягы киши "токто эле, токто, Гүлшайыр, тормозду бас» деп эки колун булгалап, кыйкырып жүгүрүп келе жатат. Токтомок кайда, колго машина тийген соң. Оо, бир топ узап барып өчүрдүм да, адатымча жылт койдум.

"Газ-24" деген машиналарды көргөндө "ух-хх" көзүм жайнап кетчү. Айылда ал кезде машина деген кайда, бирин-серин эле болчу. Анан техникага болгон сүйүүм өчпөй, чыны айтайын, Кыргызстанды билбейм, бирок, түштүктө өзүнүн машинасы бар, рулга отургандардын алгачкыларынан болдум. 1983-жылы атам сыйлыкка тийген «Жигулисин» мага берди. Ош шаарында айдап жүрүп, токтоп калганда, «аял айдайт экен» деп кары-жашы дебей, тегеректеп калар эле. Азыркыча айтканда сенсация болгон. Кээде, колумду кармалап да көрүшчү. Абдан кызык болчу экен баамдасам, эми азыр жаңылык деле болбой калбадыбы. Биз ошентип чоңойгонбуз.

Айылдагылар мага дем-күч берет 

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун айылга каты. Жайлоодон башталган ортомчулук
— Айылды өтө сагынып турам. Эми иштерден, азыркы жашоонун ритминен улам, тез-тез барып турууга мүмкүнчүлүк чектелүү. Анткен менен айылга аттанып, кирип бара жатканда эле абасы, суулары, ар бир бурчу көзгө бир сүйкүм көрүнөт. Ал тургай, бул баланчанын үйү, тиги жерде түкүнчө жашачу, мындай алмалары бар эле деп үйгө жеткенче сайрап барам. Мен тааныган адамдар жолугуп калса, сөзсүз токтоп, түшүп учурашып, анан жолумду улайм. Мени окутуп, билим берген агай-эжелерим бар, атам-апамдын көзүн көргөн аксакалдар бар. Аларга жолугуп, канча сүйлөшсөм, ошончолук дем-күч алып калам. Жанында жашагандар үчүн билинбегени менен, бул адамдар мен үчүн кымбат.

Ал эми жаштарга кийинки муундарга айтарым, кичи мекениңерди сүйгүлө, ал эми айылда жашаган улууларга урмат көрсөтүп, батасын алгыла, алар өзгөчө адамдар. Алар көңүлү, жүрөгү таза инсандар.

Мен айылдаштарыма ушул кат аркылуу салам айтып, бекем ден соолук, бакубатчылык, ал эми айылыма гүлдөп-өсүүнү каалайм!

Жаңылыктар түрмөгү
0