Билим берүү министрлиги мугалимдерди предметтик жаңы эрежелерге окутуп жатат

© Sputnik / Александр Алпаткин / Медиабанкка өтүүМугалим. Архив
Мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү министрлиги Кыргызстандагы 10 мектепти физика, математика жана информатика сабактары боюнча тереңдетип окутууну сунуштап жатат.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде математика, физика жана информатика сабактарын тереңдетүү үчүн мугалимдерге семинар өткөрүп жаткандыгы тууралуу ведомстводон кабарлашты. 

International Olympiad in Informatics аттуу билим сынагы. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада коло медалга ээ болду
Семинардын алкагында мугалимдер илим менен техниканын жаңы жетишкендиктери менен таанышат. Ошондой эле физика жана математика багытындагы №61 окуу комплексинин окутуу тажрыйбасы үйрөтүлөт. 

20-августта информатика, математика жана физика багыттары боюнча секциялык иштер аткарылат. 

Буга чейин Билим берүү министрлиги Кыргызстандагы 10 мектепти аталган үч багытта тереңдетип окутууну сунуштаган. 

Ведомствонун маалыматына караганда акыркы жылдары аталган үч предмет боюнча окуучулардын билим деңгээли төмөндөп кеткен. Буга байланыштуу сапаттуу билим алууга шарт түзүү зарылдыгы бар экени белгиленген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0