Ысык-Көл аэропортуна IKU коду ыйгарылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту. Архив
Ысык-Көл эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл облусундагы Тамчы аэропорту жайкы туристтик сезон маалында активдүү иш алып барууда.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна расмий түрдө IKU коду ыйгарылганын "Манас" эл аралык аэропорту" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Компаниянын маалыматы боюнча Аба транспорту эл аралык ассоциациясынын Борбордук Азия боюнча координатору акыркы 3-4 ай аралыгында Тамчыдагы аэропорт жакшы иштегенин айткан. 

"Аэропорттор менен авиакомпанияларды тартуу менен иретке салынган иш ийгиликке жеткирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Аэропорттун коду — бул Аба транспорту эл аралык ассоциациясы тарабынан дүйнө аэропортторуна ыйгарылуучу үч тамгалуу идентификатор.

Ал авиабилеттерди сатуу, брондоо максатында башка кызыкдар компаниялар менен иштөө үчүн пайдаланылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0