Иззат Артыков: мен эч кандай допинг колдонгон эмесмин

© AFP / GOH Chai HinТяжелоатлет из Кыргызстана Иззат Артыков на XXXI летних Олимпийских играх в Рио-де-Жанейро в весовой категории до 69 кг.
Тяжелоатлет из Кыргызстана Иззат Артыков на XXXI летних Олимпийских играх в Рио-де-Жанейро в весовой категории до 69 кг. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу учурда Токтогулдан Бишкекти көздөй жолго чыккандыгын, борбор калаага келип териштирүүнү баштай тургандыгын билдирди.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Иззат Артыков эч кандай допинг колдонбогонун Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Эске сала кетсек, бейшемби күнү Спорттук арбитраждык сот (CAS) оор атлетчи Артыковду Рио Олимпиадасында ээ болгон коло медалынан ажыраткан. Ага допинг текшерүүнүн натыйжасында спортчунун канынан табылган стрихнин каражаты себеп болду.

"Мен эч кандай допинг колдонгон эмесмин. Болгону кубат берүүчү суусундук ичкем. Ал эс алууга жардам берет. Учурда Токтогулда элем, Бишкекке бара жатам. Ошол жактан териштиребиз", — деди Артыков.

Спортчу 69 килограммдык салмакка чейинки категорияда коло медалга татыган. Бул кыргызстандык команданын Риодогу жетишкен жалгыз ийгилиги болчу.

Учурда Иззат Артыков соттун чечимине эч кандай комментарий бере элек.

Ал эми Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдары чыккан чечимдин үстүнөн даттанып, аппеляциялык арыз берүүгө укугу бар.

Артыковду медалдан ажыраткан стрихнин каражаты тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин таржымалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0