Көчмөндөр оюндарынын алкагында эл аралык мотожүрүш өтөт

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүМотожүрүш. Архив
Мотожүрүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мотожүрүш 31-август күнү Душанбе шаарынын жака белинен башталып, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын аймагын аралайт.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Орто Азиянын байкерлери алгачкы ирет эл аралык мотожүрүш уюштурушат. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди. 

"Көчмөндөр жолу" аталышындагы мотожүрүш Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулууда. 

Жайлоодо тигилген боз үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарына карата "Кырчын айылы" этношаарчасына 288 боз үй тигилет
Мотожүрүш 31-август күнү Душанбе шаарынын жака белинен башталып, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын аймагын аралайт. Байкерлер Анзоб, Шахристан, Көк-Бел, Ала-Бел, Өтмөк, Кордай, Чычкан жана Боом капчыгайларын басып өтүүгө ниеттенишүүдө.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Ага катышууга 35 мамлекет билдирме жөнөттү. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0