Сурамжылоо: СССРдин кулашына чейинки жана андан кийинки жашоого баа

© Фото / Александр ФедоровЛениндин эстелигин Бишкек шаарынын борбор калаасынан жылдыруу. Архив
Лениндин эстелигин Бишкек шаарынын борбор калаасынан жылдыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда сурамжылоого катышкан 35 жаштан жогорку курактагылардын 60 пайызы СССР учурундагы жашоо жакшы болчу деп эсептейт.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Sputnik.Пикирлер сурамжылоосунун натыйжасында мурунку Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын тогузунда 35 жаштан жогорку курактагылар СССР кулаганга чейин жашоо жакшы болгон деп эсептей турганы белгилүү болду.

Россияда сурамжылоого катышкандарды 64 пайызы СССР учурундагы жашоонун деңгээли жогору болчу деп эсептешет. Буга украиналыктардын 60, армениялыктардын 71 жана азербайжандардын 69 пайызы макул болду. 

Иликтөө 18 жаштан 24 жашка чейинкилердин эсинде СССРдеги турмуш эсте калбаганын көрсөттү. Дал ушул курактагылар Советтер Союзу кулагандан кийин жашоо жакшырды деп эсептешет. Россияда жаштардын 63 пайызы ушундай пикирде.

Мындай маалымат Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун тапшырыгы менен ВЦИОМ, M-Vector, Ipsos, Expert Fikri жана Qafqaz компаниялары тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы менен дайын болду.

Дээрлик бардык өлкө жашоочуларынын 35 жаштан улуулары СССРдин тушунда жакшы жашап келгенин белгилешет. Мында сурамжылангандардын Арменияда 71 пайызы, Азербайжанда 69, Россияда 64, Казакстанда 61, Украинада 60, Кыргызстанда 60, Белоруссияда 53, Молдовада 60, Грузияда 51 пайызы жогорудагыдай пикир айтышкан. Ал эми Өзбекстанда 91 пайыз адам СССРден кийинки жашоо купулуна толгонун билдирсе, тажиктердин 39 пайызы да ушундай ойдо.

Цемент завод. Архив - Sputnik Кыргызстан
СССР учурунда КР аймагына коңшу өлкө тарабынан салынган объектилер Кыргызстанга өтөт
СССР кулагандан кийин же анын кыйроосуна аз калганда төрөлгөндөр, башкача айтканда 25 жашка чейинки респонденттер учурдагы жашоо жакшы деп эсептешет. Мында Арменияда 48 пайыз, Кыргызстанда 48, Казакстанда 56, Белоруссияда 57, Грузияда 79, Украинада 39, Россияда 63, Азербайжанда 68, Тажикстанда 84 жана Өзбекстанда 89 пайыз респондент ушундай ойдо. Мында Молдованын гана жаштары (69 пайыз) СССР маалындагы жашоо жакшы болчу деп эсептейт. 

Долбоордун негизги аткаруучусу жана координатору Кыргызстанда жана Тажикстанда иш алпарган M-Vector компаниясы болду. Сурамжылоо жүргүзүүгө GFK Казакстан, Morinfo, Qafqaz, MRP Eurasia компаниялары жардам берди. Иликтөө 4-июлдан 15-августка чейин жүргүзүлүп, ага жалпы жонунан 11045 адам катышкан. Мында Арменияда, Азербайжан, Белоруссия, Грузия, Казакстан, Кыргызстан менен Тажикстанда 1000ден адам катышса, Өзбекстанда 1045, Украинада 2000 киши тартылды. Сурамжылоо калкты жынысы, курагы жана географиясы боюнча тең салмакта карады.

Жаңылыктар түрмөгү
0