Көчмөндөр оюну: ипподром бүтө элек деген сөз чындыкка коошпойт

© Фото / Инсан БакировБостери айыл аймагынын Бактуу-Долоноту айылында Көчмөндөр оюндарына даярдалган ипподром.
Бостери айыл аймагынын Бактуу-Долоноту айылында Көчмөндөр оюндарына даярдалган ипподром. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы ипподромдун курулуш иштери аяктагандыгын билдирди. Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары ипподромдо техникалар дале иштеп жаткандыгын жазышты.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата курулган ипподромдун курулуш иштери толугу менен бүтө элек деген сөздөр чындыкка дал келбей турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Белгилей кетсек, кечээ аталган агенттик ипподромдун курулуш иштери толугу менен бүткөрүлүп, айлана-чөйрөнү тазалоо, жашылдандыруу иштери калганын кабарлаган. Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары ипподромдун курулуш иштери бүтө элек экенин айтышып, техникалар дале иштеп жаткан сүрөттөрдү таркатышты. 

"Ипподромдун курулуш иштери толук бүткөн. Учурда андагы таштандыларды тазалоо, жашылдандыруу жана брусчаткаларды төшөө сыяктуу жеңил иштер аткарылып жатат. Ал эми техникалар Көчмөндөр оюндары башталганча иштей берет. Себеби ал жерде аттар даярдыктан өтүп жаткандыктан, атайын техника жолду улам түздөп жатат", — деп айтышты аталган кызматтан.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарыннын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнуна билет саткан жайлардын дареги менен талаптары
Мындан тышкары, камераларды орнотконго, сүрөттөрдү илгенге жана башка ушундай сыяктуу иштер техниканын жардамы менен аткарылып жаткандыгы белгиленди. 

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдүн жээгинде 3-8-сентябрь күндөрү өтөт. Мында 35 мамлекеттен келген спортчулар күрөш, салбурун, жаа атуу, интеллектуалдык оюндар жана спорттун башка түрлөрү боюнча ат салышат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0