"Алымбек датка" тасмасы тартыла турган сценарий бекиди

© Sputnik / Табылды КадырбековАлымбек-Датканын Алайдагы эстелиги. Архив
Алымбек-Датканын Алайдагы эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган сценарийге Баян Сарыгулов, Бекен Назаралиев жана Бакыт Карагуловдор авторлук кылышат.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Эксперттик топ "Алымбек датка" тасмасынын сценарийин бекиткенин Кинематография департаменти билдирди.

Аталган тасма Алымбек датка Асан бий уулунун 215 жылдыгына карата тартылат.

"Тасманын сценарийине жарыяланган сынактын мөөнөтү 30-июль күнү аяктап, ага бир гана эмгек келген. Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө эксперттик топтун жыйыны болуп, анда сунушталган сценарий каралды. Сунуштар жана кемчиликтерди эске алуу менен сценарий колдоо тапты", — деп айтылат маалыматта.

Аталган сценарийге Баян Сарыгулов, Бекен Назаралиев жана Бакыт Карагуловдор авторлук кылышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0