10:23 09 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Түркия төңкөрүш кесепети. Архив

Түркия өлкөдөгү төңкөрүш аракети туурасында фильм тартат

© AFP 2019 / BULENT KILIC
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракети (65)
42 0 0

Тасманын башкы каарманы 2003-жылдан бери эфирге чыгып келе жаткан, ар кыл террордук топторго каршы күрөшкөн түркиялык атайын кызматтын тыңчысы делген Полат Алемдар болот.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Түркиялык кинокомпания өлкөдөгү акыркы ири саясий окуя — аскердик төңкөрүш аракети туурасында "Карышкырлар өрөөнү" деп аталган тасма тартат. 

"Көрүүчүлөрдүн төңкөрүш аракети боюнча фильм же сериал тартуу өтүнүчүнө компания "Карышкырлар өрөөнү: төңкөрүш" деп аталган тасма тартууну чечти", — деп айтылат Pana Film компаниясынын Twitter баракчасындагы кабарында.  

Анын башкы каарманы 2003-жылдан бери эфирге чыгып келе жаткан жана ал боюнча бир канча тасмалар тартылган ар кыл террордук топторго каршы күрөшкөн түркиялык атайын кызматтын тыңчысы Полат Алемдар. Бул сапар ал жаңы фильмде төңкөрүшчүлөр менен күрөшөт. 

Аталган сериал бир нече ирет сынга кабылып, ал тургай аны антисемиттик деп да аташкан. Израилдин ТИМи Түркиянын элчисин 2010-жылы чакырып, өлкө "антиизраилдик" сериал көрсөтүп жатат деп айыптаган. 

16-июлга караган түнү Стамбул менен Анкара шаарларында козголоң чыгып, аскердик төңкөрүш жасоого аракет болгон. Бийликтин көргөн чарасы менен ал ишке ашпай, акыркы маалыматтар боюнча 246 киши каза болгон. Мындан тышкары, эки миңден ашуун адам ар кандай жаракат алган. Түркия бийлиги бул аракеттерге диний үгүттөөчү Фетхуллах Гүлендин тийиштиги бар экендигин айтып, АКШдан аны экстрадиция кылууну талап кылган. Ал эми Гүлен козголоңду айыптап, ага катыштыгы жок экендигин айткан. 

Тема:
Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракети (65)

Тема боюнча

Эрдоган: АКШ же Түркияны, же Гүленди тандап алышы керек
Түркияда төңкөрүш аракетинен кийин 81,5 миң адам ишсиз калды
Белгилер:
мамлекеттик төңкөрүш, сериал, Полат Алемдар, Фетхуллах Гүлен, Түркия

ЭҢ МААНИЛҮҮ