Жээнбеков: электр энергиясына, жылуулук жана таза сууга баа көтөрүлбөйт

Жазылуу
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков аталган кадам президенттин тапшырмасы экенин белгиледи.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстанда электр энергиясына, жылуулук жана таза суу үчүн белгиленген тарифтер өзгөрбөйт. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кышка карата даярдык көрүү максатында уюштурулган жыйында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 

Белгилей кетсек, өткөн жылдын август айында электр энергияга болгон баа 10 пайызга кымбаттап, 77 тыйынды түзгөн. Андан бери тарифтерди көтөрүү боюнча бир канча аракеттер болуп, бирок бул ишке ашкан эмес. Ал эми апрель айында президент Алмазбек Атамбаев тарифтер көтөрүлбөш керек деген пикирин айткан. Ага чейин бааны 84 тыйынга чейин көтөрүү сунушталган.

Жээнбековдун айтымында, бааны азыркы абалында сактоо тапшырмасын президент койгон.

"Өлкө башчынын тапшырмасына ылайык, электр энергиясына, жылуулук жана таза суу үчүн болгон тарифтер өзгөрбөйт. Бул кадам күз жана кыш мезгилдерине карата жасалууда. Биз карапайым калкты кыйнабашыбыз керек. Ал эми электр энергиясы менен иштеген компаниялар жоготууларын азайтса эле чыгым болбойт", — деди Жээнбеков.

Ал тарифтердин көтөрүлбөй турганы тууралуу маалымат менен аймакта жашаган элди кабардар кылуу тапшырмасын койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0