Көчмөндөр оюнуна билет саткан жайлардын дареги менен талаптары

© Фото / Инсан БакировДүйнөлүк көчмөндөр оюндарыннын логотиби. Архив
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарыннын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик жана жергиликтүү тургундар билеттерди интернет аркылуу же Бишкек менен Ошто жайгашкан кассалардан сатып алышса болот.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына (ДКО) карата билеттер 18-августтан тарта Бишкектин байланыш түйүндөрүндө сатыла баштайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ДКОнун катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, билет сатып алуу үчүн жарандардын өздүгүн тактаган паспорт, айдоочулук күбөлүк сыяктуу документтер талап кылынат.

Көчмөндөр оюну: ипподромдун курулуш иштери бүттү - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюну: ипподромдун курулуш иштери бүттү
"Билет саткан кассаларда атайын техникалар орнотулган. Анда жарандар сүрөткө тартылып, системага сакталып калат. Жарандардын аты-жөнү документтеги жазууга шайкеш келүүсү абзел. Бул процесстерден кийин ар бир жаранга өзүнчө код берилип, ал билетке чапталат. Кийин Көчмөндөр оюндарына барганда жарандардын пин-кодун машинага такаганда экрандан алардын өздүгү тууралуу маалымат чыгат. Жарандын бети кайрадан сүрөткө тартылып, мурдагы сүрөтү менен салыштырылат. Дал келсе кирүүгө уруксат берилет", — деп билдиришти катчылыктан.

Билеттердин түсү ипподромдо бөлүнгөн зоналардын түсү менен бирдей болот. Мисалы, жашыл түстөгү билеттин ээси жашыл зонага отурат. 

Ал эми кассага баргысы келбегендер менен чет өлкөлүк жарандар уюлдук телефондун Playmarket интернет дүкөнүнөн WorldNomadGames тиркемесин көчүрүп алуу менен билет сатып алса болот. 

"Билетти мобилдик тиркеме аркылуу сатып алып жатканда жарандар жүзүн сүрөткө тартып туруп, аты-жөнү менен кошо биздин тиркеме аркылуу жөнөтүүлөрү керек. Система каттагандан кийин код берет. Билетти Интернет аркылуу сатып алууну каалагандар азыртан баштап ала баштаса болот", — деп белгилешти катчылыктан. 

Маалыматка караганда билеттер Бишкек менен Оштун байланыш бөлүмдөрүндө сатылат. Азырынча Бишкекте сатыла турган түйүндөрдүн даректери белгилүү болду:

  • Киев көчөсү, 114 дарегиндеги №1 шаардык байланыш бөлүмү;
  • Токтогул көчөсү, 247 дарегиндеги №10 байланыш бөлүмү;
  • Абдрахманов (мурдагы Совет) көчөсү, 6 дарегиндеги №20 байланыш бөлүмү;
  • Абдрахманов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кыргызтелеком. 
  • Ал эми Ош шаарында билеттерди Ленин көчөсү, 320 дареги боюнча жайгашкан Башкы почтамттан
  • Чолпон-Ата шаарында Совет көчөсү, 122 дарегиндеги почта бөлүмүнөн алууга болот.

Участники танцевальной группы во время I Всемирны Игр Кочевников. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюну: ICSS тарткан тасма дүйнө элине көрсөтүлөт
Белгилей кетсек, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) ачылыш аземи үчүн билет баасы 300 сомдон 3800 сомго чейин, ал эми жабылуу салтанатына 300 сомдон 2000 сомго чейин сатылат.

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдүн жээгинде 3-8-сентябрь күндөрү өтөт. Мында 35 мамлекеттен келген спортчулар күрөш, салбурун, жаа атуу, интеллектуалдык оюндар жана спорттун башка түрлөрү боюнча ат салышат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0