Ажыга аттанган 86 жаштагы карыя: балдарымды бутуна тургузууга ушунча убакыт кетти

© Фото / Уркуя Идрис кызыБыйылкы ажылык сапарга аттана турган зыяратчылардын эң улуу аксакалдарынын бири — Юлдашев Каюм
Быйылкы ажылык сапарга аттана турган зыяратчылардын эң улуу аксакалдарынын бири — Юлдашев Каюм - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каюм ата зыяратка эч кимди коштотпой жалгыз эле жөнөп жатканын, бирок караан тутканга сапарлаш болгон жашы кичүүрөөк айылдаштары, тааныштары да бар экенин айтты.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Таңкы саат төрттө Меккеге аттангандар Бишкектеги аба майданынан учуп кетишет. Быйылкы ажылык сапарга аттана турган зыяратчылардын эң улуу аксакалдарынын бири — Каюм Юлдашев учурда 86 жашта. Меккеге аттанар алдында Sputnik Кыргызстан агенттиги Каюм атаны кепке тартты.

© Фото / Уркуя Идрис кызы"Ажылык сапарга көп жыл даярдандым. Бул жаш кезимде көкүрөккө түйгөн максатым эле", — деди Юлдашев Каюм аксакал
Ажылык сапарга көп жыл даярдандым. Бул жаш кезимде көкүрөккө түйгөн максатым эле, — деди  Юлдашев Каюм аксакал - Sputnik Кыргызстан
1/3
"Ажылык сапарга көп жыл даярдандым. Бул жаш кезимде көкүрөккө түйгөн максатым эле", — деди Юлдашев Каюм аксакал
© Фото / Уркуя Идрис кызыБайбичеси Адалат апа менен Каюм ата — тогуз баланын ата-энеси, 30 небере жана 26 чеберенин чоң ата-чоң апасы
Байбичеси Адалат апа менен Каюм ата — тогуз баланын ата-энеси, 30 небере жана 26 чеберенин чоң ата-чоң апасы - Sputnik Кыргызстан
2/3
Байбичеси Адалат апа менен Каюм ата — тогуз баланын ата-энеси, 30 небере жана 26 чеберенин чоң ата-чоң апасы
© Фото / Уркуя Идрис кызыКылымга тете жашаган аксакал огородунда отургузулган жашылча-жемиштери карап, сугарып, отоп, айтор, эмгексиз тура албайт
Кылымга тете жашаган аксакал огородунда отургузулган жашылча-жемиштери карап, сугарып, отоп, айтор, эмгексиз тура албайт - Sputnik Кыргызстан
3/3
Кылымга тете жашаган аксакал огородунда отургузулган жашылча-жемиштери карап, сугарып, отоп, айтор, эмгексиз тура албайт
1/3
"Ажылык сапарга көп жыл даярдандым. Бул жаш кезимде көкүрөккө түйгөн максатым эле", — деди Юлдашев Каюм аксакал
2/3
Байбичеси Адалат апа менен Каюм ата — тогуз баланын ата-энеси, 30 небере жана 26 чеберенин чоң ата-чоң апасы
3/3
Кылымга тете жашаган аксакал огородунда отургузулган жашылча-жемиштери карап, сугарып, отоп, айтор, эмгексиз тура албайт

Баткендин Лейлек районундагы Лейлек айылынын тургуну Каюм аксакал зыяратка аттанар алдында бир кубанып, бир толкунданып тургандыгын айтты. Ал ажылыкка баруунун да өзүнүн жол-жобосу, мезгили бар экендигин кошумчалады. 

"Мен ажылык сапарга көп жыл даярдандым. Жаш кезимде көкүрөккө түйгөн бир максатым эле. Ажылык — барам деп эле жөнөп кете турган сапар эмес да. Бала-чакамды үйлөп-жайлап, билимдүү кылып, аталык милдетимден кутулуп, анан ажылык вазийпамды аткарам деген максат эле. Эми Меккеге барууну Кудай насип кылды", — деди Каюм аксакал. 

Бир кылымдык өмүргө саналуу жылдардан кийин кадам таштай турган Каюм аксакал өмүр бою баш көтөрбөй иштептир. Алгач Сүлүктүдөгү көмүр шахтасында шахтердун жардамчысы, заводдун жумушчусу, гредейрчи болуп иштеп, кийин көп жыл мал багыптыр. 

Меккада ажылыкта жүргөн мусулмандар - Sputnik Кыргызстан
Ажылык сапарга барчулар коопсуздук боюнча атайын окуудан өтүп жатышат
Кылымга тете жашаган аксакалдын баскан-турганы тың. Огородунда отургузулган жашылча-жемиштери карап, сугарып, отоп, айтор, эмгексиз тура албайт. Биз менен сүйлөшкөндө бышып калган түшүмдөрүн көздөн кечирип, топурактын түбүн текшерип жүрүптүр.

Каюм ата зыяратка эч кимди коштотпой жалгыз эле жөнөп жатканын, бирок караан тутканга сапарлаш болгон жашы кичүүрөөк айылдаштары, тааныштары бар экенин айтты. Анткен менен өз алдынча да даярдык көрүп жатыптыр. 

"Доктурлар ден соолугумду жакшы эле дешти. Ал эми бутумду, денемди көндүрүп машине менен жетчү жерлерге чакырымдап жөө барып-келип жатам. Себеби организм да бир аз кыйынчылыкка көнүшү керек", — деди зыяратчы.

Ал ажылыктын жолуна кетчү акчаны өзүнүн маңдай тери менен таап, баккан малын сатып топтоптур. 

"Балдарынын колунда кудайга шүгүр оокаты бар, бирок ажылыкка өзүмдүн маңдай-терим менен тапкан акчаны жумшап бара жатам. Негизи ушундай болушу керек. Былтыр да барам деп, бирок документим туура болбой калган", — деди аксакал. 

Кылымга тете жашаган аксакалдын өзүнүн ишеними бар. 

"Бир күнү түшүмдө пайгамбар караңгы жерде отурсам чырак берип жатыптыр, ойгонуп кеттим. Бул да мага өзүнчө бир дем-кубат берди", — деп айтып берди Каюм аксакал. 

Байбичеси Адалат апа менен Каюм ата — тогуз баланын ата-энеси, 30 небере жана 26 чеберенин чоң ата-чоң апасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0