БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Катар мамлекетинин маданият жана спорт министри Салах-бин-Ганим-бин-Нассер Аль Али баштаган делегация келет. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 14-август күнү Доха шаарында КРдин Катардагы ыйгарым укуктуу элчиси Нуран Ниязалиев Катардын маданият жана көркөм өнөр департаментинин жетекчиси Фалех Аль-Ажлан Аль-Хажири менен жолукту.
Өз кезегинде Фалех Аль-Ажлан Аль-Хажири чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Катар мамлекетинин маданият жана спорт министри Салах-бин-Ганим-бин-Нассер Аль Али баштаган делегация барарын айткан.
Мындан сырткары, тараптар чогу кызматташуу, алдыдагы пландар тууралуу сүйлөшүштү.
Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдүн жээгинде 3-8-сентябрь күндөрү өтөт. Мында 35 мамлекеттен келген спортчулар күрөш, салбурун, жаа атуу, интеллектуалдык оюндар жана спорттун башка түрлөрү боюнча ат салышат.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.