Боомдун ичиндеги жол таш кулатуу үчүн жабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБоом капчыгайындагы унаалар. Архив
Боом капчыгайындагы унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Капчыгайдагы иштер 10 күнгө чейин уланат.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бүгүнтөн тарта Боом капчыгайындагы жолду тоо боорундагы таштарды кулатып түшүрүү максатында жаап башташты. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

Боом капчыгайында ураган таштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тынбай таш кулаган Боом: жамгыр төктү, эч басылбай… же күнөө кимде?
Буга чейин аталган ведомстводон 16-25 август ичинде Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131-чакырымы 9.00дөн 15.00гө чейин жабыларын кабарлашкан.

Автоунаалар таш түшүргөн жерлерде гана токтотулат. Тазалоо иштери учурунда ары-бери каттагандар бир тилке менен жүрөт. 

Акыркы мезгилде аталган капчыгайда таш кулаган учурлар көп кездешүүдө. Акыркы ирет мындай кырсыкка 11 адам түшүп келе жаткан автобус кабылып, бир адам каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0