Москвада киши колдуу болгон кыргызстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлдү

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүӨКМ учагы. Архив
ӨКМ учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кылмыш боюнча шектелип кармалган Иван Скоркиндин соту ушул аптада болот.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Москва шаарында киши колдуу болгон кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин Россиядагы элчилиги билдирди. 

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары 36 жаштагы кыргызстандык жарандын скинхеддердин колунан каза тапканын жазып чыгышкан. Ал эми жекшембиде аталган кылмышка шектүү катары буга чейин соттолгон Иван Скоркин кармалган

"Каза болгон жарандын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Элчилик документтерди толтурууга көмөктөшсө, бул жактагы кыргыздар каражат жагынан жардам кылышты. Ал эми кылмышка шектүүнүн соту ушул аптада башталат. Биздин юристтер баарын көзөмөлдөп жатышат", — деп айтылат маалыматта. 

Элчилик 36 жаштагы каза болгон жаран Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун тургуну экендигин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0