Рио-2016: Олимпиадада 5-орунду алган Арсен Эралиев 1 миллион сом сыйлык алат

© AFP / JACK GUEZ5-орунду ээлеген балбан Арсен Эралиев
5-орунду ээлеген балбан Арсен Эралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коло медаль үчүн болгон кармашта Арсен Эралиев өзбек балбанына утулуп калды.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бразилиядагы жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшү боюнча 5-орунду ээлеген балбан Арсен Эралиев мамлекеттен 1 миллион сом сыйлык алат. 

Рио-де-Жанейро. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: бүгүн килемге чыкчу Кенжеев менен Рамоновдун атаандаштары аныкталды
Эске сала кетсек, 59 килограмм салмакта килемге чыккан балбан Арсен Эралиев алгачкы эле кармашында кубалык спортчуга утулуп калган. Ал эми кубалык спортчу финалга чыккандыктан, Эралиев коло медаль үчүн күч сынашууга укук алган эле.

Кытайлык спортчуну жеңип, коло медаль үчүн болгон кармашта Арсен Эралиев өзбек балбанына утулуп, 5-орунду ээледи. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын куржунунда азырынча бир эле коло медаль бар. Аны оор атлетчи Иззат Артыков жеңип алган.

Балбан Жанарбек Кенжеевдин интервьюсун Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0