Атамбаев — Гибсон, Салянова — Диаз… Атактуулардын Голливуддагы "классташтары"

© AFP / ROBYN BECKЗнаменитый памятный знак на Голливудских холмах в Лос-Анджелесе, Калифорния. Архивное фото
Знаменитый памятный знак на Голливудских холмах в Лос-Анджелесе, Калифорния. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев менен Мел Гибсон, Аида Салянова менен Кэмерон Диаз бир жылы туулушкан. Дагы кааласаңыз төмөнкү макаланы окуңуз.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Арабызда Голливуд жылдыздарынын сулуулугуна суктанбаган адам жок болсо керек. 60 жаштагы актрисанын 20 жаштагы бийкечтей көрүнгөн учурлары оголе көп. Актерлор атайын каражаттардын жана пластикалык операциянын жардамы менен карылыкка каршы турары бышык. Ал эми кыргыз атактууларынын кайсынысы Голливуд жылдыздары менен классташ болору баарыбызга кызык. Анда кызыкка чогуу баталы. 

60 жаш. Президент Алмазбек Атамбаев менен актер Мел Гибсон быйыл 60 жаш кутман куракта.

57 жаш. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана "Золотой глобус" жана "Эмми" сыйлыктарынын ээси Алек Болдуин. 

49 жаш. Бишкек мэри Албек Ибраимов менен "Форсаж" тасмасынын актеру Вин Дизель.

46 жаш. Депутат Өмүрбек Бабанов жана Оскар сыйлыгынын ээси Мэтт Деймон

43 жаш. Экс-башкы прокурор Аида Салянова жана атактуу Кэмерон Диаз

40 жаш. Продюссер Ассоль Молдокматова жана франциялык актриса Одри Тоту

37 жаш. Башкы прокурор Индира Жолдубаева жана актриса Эванджелин Лилли.

30 жаш. Ырчы Мирбек Атабеков жана кыздардын сүймөнчүгү Роберт Паттинсон

28 жаш. Депутат Айсулуу Мамашева жана атагы таш жарган ырчы Риана

19 жаш. Instagram жылдызы Айжан Асемова жана актриса Эль Фаннинг.

Жаңылыктар түрмөгү
0