Көчмөндөр оюндарына билет баасы 4000 сомго чейин болот

Жазылуу
Билеттер Көчмөндөр оюндарынын ачылуу жана жабылуу салтанаттарына гана сатылат. Ал эми калган оюндарды акысыз көрүүгө болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) ачылуу жана жабылуу салтанаттарында билет баасы 300 сомдон 3800 сомго чейин болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ДКО катчылыгынын жетекчиси Нурдин Султамбаев билдирди. 

Анын айтымында, 3800 сомдук билеттер алдыңкы орундар үчүн сатылат. 

"VIP-трибунанын жанындагы эки блок 3800 сомдон, ал эми калган орундар 300 сомдон баштап сатылат", — деди Султамбаев. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Ага катышууга 35 мамлекет билдирме жөнөттү. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0