Ажылык сапарга барчу кыргызстандыктар электрондук билерик тагынышат

© Фото / Белек НурлановАжылык сапарга барчу кыргызстандыктардын формасы. Архив
Ажылык сапарга барчу кыргызстандыктардын формасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай билерик ажылардын коопсуздугун коргоого жардам берип, адашып кетүүдөн сактайт.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ажылык сапарга барчу кыргызстандыктар электрондук билерик тагына турганын муфтият билдирди. 

Белгилей кетсек, Сауд Аравиянын ажылык министрлиги 2016-жылы бардык өлкөдөн келе турган ажыларга атайын электрондук билерик тагынуу талабын койгон. 

"Учурда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы АКШнын "ZEBRA" компаниясы тарабынан жасалып чыккан HC 100 принтерин Москва шаарынан алдыртып, тез аранын ичинде ажыларды электрондук билерик менен камсыз кылууда", — деп айтылат маалыматта. 

Меккада ажылыкта жүргөн мусулмандар - Sputnik Кыргызстан
Ажылык сапарга барчулар коопсуздук боюнча атайын окуудан өтүп жатышат
Электрондук билерикте ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын коду, кыргызсандык ар бир ажынын жеке номуру, паспорт сериясы, мамлекети жана 24 саат иштөөчү телефондор жазылган. 

Мындай билерик ажылардын коопсуздугун коргоого жардам берип, адашып кетүүдөн сактайт.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы ажылык сапарга зыяратчыларды жөнөтүү 16-августта башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0