Ош шаарында унаа токтотуучу жайлар 1 ай бою текшерүүгө алынат

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүУнаа токтотуучу жай. Архив
Унаа токтотуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүү учурунда 10го жакын унаа токтотуучу жайлар менен короолор уруксат кагазсыз иштеп жатканы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ош шаарындагы "Жапалак" унаа базарында унаа токтотуучу жайлар менен короолорго рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Рейдге Ош шаарынын мэриясы, Салык кызматы, Ички иштер башкармалыгы, Жеке менчикти башкаруу жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү катышты.

"Текшерүү учурунда 10го жакын унаа токтотуучу жайлар менен короолор уруксат кагазсыз иштеп жатканы белгилүү болду. Объектилердин ээлерине патент алуу талап кылынары тууралуу каттар жиберилди", — деп айтылат маалыматта.

Мындай текшерүүлөр Ош шаарында бир айга созулмакчы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0