Кыргызстандын акыйкатчысы №47 колониядагы өлүмдөрдү иликтөөнү талап кылды

© Sputnik / Иван Руднев / Медиабанкка өтүүКолония. Архив
Колония. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн башкы укук коргоочусу Кубат Оторбаев аталган колониянын жетекчисинин кызмат ордуна татыктуулугун карап чыгууну талап кылууда.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев тарабынан түзүлгөн  комиссия Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу Акыйкатчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда,  аталган комиссия №47 колонияда жыл башынан бери катталган 14 өлүмдүн экөөсүн иликтеп чыгуу суранычы менен Башкы прокуратурага кайрылган.

"Мониторинг жүргүзүү учурунда үстүбүздөгү жылдын акыркы жети айынын ичинде колониядан  14 адам көз жумган. Алардын экөөнүн өздүк иши изилденген. Бирөөсү асынып өлүп калган. Аталган фактылар боюнча кызматтык иликтөөнүн документтери талап кылынган. Бирок колониянын жетекчилиги ар кандай шылтоолорду айтып бербей койгон", — деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы: Конституциянын өзгөрүшү бийлик бутагындагы тең салмактуулукту жоюшу мүмкүн
Комиссиянын мүчөлөрү абактагылар менен сүйлөшкөндө аларга карата 2014-жылда берилген мунапыстар колдонулбай калгандыгын айтып арызданышкан.  

Мындай маектешүүлөрдөн кийин №47 колониянын атайын бөлүгүнүн иши иликтөөгө алынган. Натыйжада комиссия камакка алынган бир жаранга 2010-2014-жылдар аралыгындагы мунапыс колдонулбай калгандыгын аныктаган.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев төмөндөгүчө каттарды жөнөттү:

  • Кылмыш жаза аткаруу кодексинин бузулушу. Тагыраагы, Н.А. аттуу жаранга 2010-2014-жылдар аралыгында мунапыстын колдонулбай калышы тууралуу. Тиешелүү чаралардын көрүлүшү үчүн прокуратурага жиберилди
  • Өлгөндөр тууралуу — Башкы прокуратурага жолдонду;
  • Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына №47 колониясынын начальниги Аваз Каримовдун кызматтык орунга татыктуулугун карап чыгуу талабы.  

Жаңылыктар түрмөгү
0