Караколдо оймо-чийме түшүрүлгөн аялдамалар курулмакчы

© Фото / пресс-служба мэрии города КараколКаракол шаарына жергиликтүү бийлик эски аялдамалардын ордуна оймо-чийме түшүрүлгөн заманбап, этностилдегилерин коюуну планы
Каракол шаарына жергиликтүү бийлик эски аялдамалардын ордуна оймо-чийме түшүрүлгөн заманбап, этностилдегилерин коюуну планы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда адистер анын дизайнын иштеп чыгып жатышат. Демилгечилер жаңы аялдамалар шаардын көрүнүшүн гана кооздобостон, туристтер үчүн да пайдалуу болот деген ишенимде.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Каракол шаарына жергиликтүү бийлик эски аялдамалардын ордуна оймо-чийме түшүрүлгөн заманбап, этностилдегилерин коюуну пландап жатышат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Каракол шаардык кеңешинин төрагасы Эрлан Айсаракунов кабарлады. 

© Фото / пресс-служба мэрии города КараколОймо-чийме түшүрүлгөн заманбап аялдамалардын эскизи
Проект современных, оформленных в этностиле остановок в Караколе - Sputnik Кыргызстан
Оймо-чийме түшүрүлгөн заманбап аялдамалардын эскизи

Анын айтымында, долбоор боюнча дизайнерлер иштеп жатат.

"Аялдамалар этностилде жасалат. Буга кошумча "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында байкоо камералары орнотулуп, андан сырткары коомдук транспорттун картасы түшүрүлөт. Булардын бардыгы канча акча болорун азырынча айта албайбыз", — деди төрага.

Анын айтымында, долбоорду шаардык архитектура бөлүмү бекитиши керек.

Айсаракунов жаңы аялдамалар шаардык көрүнүшүн гана кооздобостон, туристтер үчүн да пайдалуу болот деген ишенимин билдирди. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0