БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Август айынын орто ченинен баштап мугалимдерге жана билим берүү кызматкерлерине усулдук окуу жүргүзүлмөкчү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, "Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу: жаңы жагдайлар жана жаңы чечимдер" деген аталыштагы иш-чара билим берүү уюмдарында окуу-тарбия процессинин уюштурулушун өркүндөтүү максатын көздөйт.
"Мында заманбап билим берүү технологияларын, окутуу усулдарын жана формаларын жүзөгө ашырып, жайылтуу үчүн педагогикалык кызматкерлердин окуу-усулдук ишмердигиндеги инновациялык багытты колдоо жана чыгармачыл дараметин жогорулатуу максатында өткөрүлүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Усулдук окуу эки баскыч менен жүргүзүлөт. 15-августтан 24-августка чейин окуу-тарбия ишмердигинин багыттары боюнча райондук секциялар, усулдук бирикмелердин окуу предметтери жана тарбия маселелери боюнча иштер жүргүзүлмөкчү. Экинчи баскычта мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин конференциялары өткөрүлөт.