Көчмөндөр оюндарына карата "Кырчын айылы" этношаарчасына 288 боз үй тигилет

© Sputnik / Табылды КадырбековЖайлоодо тигилген боз үйлөр. Архив
Жайлоодо тигилген боз үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Ага катышууга 35 мамлекет билдирме жөнөттү.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кырчын жайлоосуна 288 боз үйдөн турган "Кырчын айылы" этношаарчасы ачылат. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда этношаарча 4-сентябрда ачылат. Анда Кыргызстандын жети облусу тарабынан көрсөтүүгө коюлган, ар бири 25 боз үйлүк болгон тогуз көчмөн конушу орнотулат.

"Кыргыз айылы улуттук стилде жасалып, флагштоктор менен кооздолгон болот. Дарбазалардын эки жагына балбалдар коюлат. Келген конокторду салттуу жана улуттук кийимчен жигиттер жана кыздар тосуп алат", — деп айтылат маалыматта.

Көк-бөрү оюнунун көрүүчүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарына кайдан жана кантип билет алууга болот?
Оюндардын уюштуруучулары аянты 87 миң 429 чарчы метрлик унаа токтотуучу жайды даярдашкан. Ал "Кыргыз айылы" этношаарчасына жакын жерде болот.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Ага катышууга 35 мамлекет билдирме жөнөттү. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0