Бишкекте автослалом боюнча өлкө биринчилиги уланат

Жазылуу
Иш-чаранын максаты автоспортту өнүктүрүп, айдоочулук чеберчиликти арттыруу болуп саналат.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Бишкекте автослалом боюнча өлкө биринчилигинин экинчи этабы өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучулар билдирди. 

Картинг боюнча өлкө чемпионаты: асмандан алаканга салгандай көрүңүз
Турнир үстүбүздөгү жылдын 14-август күнү саат 11:00дө "Жеңиш" аянтында болот. 

Биринчи этап май айында болуп өткөн. 

Иш-чаранын максаты автоспортту өнүктүрүп, айдоочулук чеберчиликти арттыруу болуп саналат.

Автослалом — коюлган буталардан буйтап, ар кыл тапшырмаларды аткаруу болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0