Фиолетовый, алый, пурпурный, бурый — өң-түстөрдүн кыргызча аталышын билесизби?

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүТүстүү шариктер. Архив
Түстүү шариктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Филолог Ишенбек Султаналиев кыргыз коомчулугу кызыл, жашыл, сары, ак, кара деген түстөрдөн башка өңдөрдүн бардыгын орус тилинде көп колдонорун белгиледи.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Айида Батырбекова. Ишенбек Султаналиев кыргыз эли түстөрдү өз тилинде айтып гана чектелбестен, айрым өңдөргө өзгөчө маани берип тергеп айтышканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Тибиртке" рубрикасында билдирди. 

Төөлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздар тшө-тшө, кыйтуу-кыйтуу, ар-ар деп кайсы жаныбарларды чакырарын билесизби?
Убагында кыргыздар ак үйдү — "кызыл үй", ак атты — "боз ат" деп тергешкен. Себеби, "ак" дегенде түстү гана эмес, касиеттүү деген маанини да түшүнүшкөн. Алар сүт азыктарын ыйык көрүп, эч качан жерге төккөн эмес. Эгер ирип кетсе сууга же суурдун ийинине төгүшкөн. "Ак" деп эң жогорку чындыкты түшүнүшкөн. Ал эми "ак жалгасын" деген — бардык жакшылыктарды тилөө же каалоо дегенди билдирет. 

Түстөрдүн кыргызча аталышы:

Пурпурный кара кочкул

Бирюзовый жашыл же көгүлтүр (бирюза асыл ташынын өңүндөй)

Сиреневый — сыя көк

Бежевый — саргыч боз

Хаки күрөң-жашыл

Лазурный — көгүлтүр

Салатовый жашгылт

Коралловый маржан түстүү, башкача айтканда кызыл

Каштановый — кара коңур (чачтын өңү)

Алый — кызыл, ачык кызыл

Фиолетовый кара көк

Розовый  күлгүн

Оранжевый — кызгылт сары

Серый бозомтук, сургулт, кээде көк түстү да билдирет

Коричневый күрөң

Голубой  көк, көгүлтүр

Синий  көк

Песочный — кум түстүү

Бронзовый — коло түстүү, жалтырак боз

Бурый күрөң

 

Жаңылыктар түрмөгү
0