Кайгуул милициясына Renault Logan үлгүсүндөгү 65 унаа алынмай болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовАвтомашина марки Renault Logan на котором будут ездить сотрудники патрульной милиции
Автомашина марки Renault Logan на котором будут ездить сотрудники патрульной милиции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик сатып алуулар департаменти тендердин жеңүүчүсүн аныктоо учурунда мыйзам бузуулар катталбаганын айтты.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кайгуул күзөт милициясына Renault Logan үлгүсүндөгү 65 унаа алынмай болгондугун ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, милиция кызматкерлерине 2016-жылы чыккан жаңы унаалар алынып, алар республика боюнча таркатылат. Унаанын кыймылдаткычынын көлөмү 1,6 куб сантиметрди түзөт. 

"Унаалар 36 миллион сомго бааланган. Тендерди "Азия Моторс" компаниясы жеңип алды", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик сатып алуулар департаменти тендердин жеңүүчүсүн аныктоо учурунда мыйзам бузуулар катталбаганын билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0