Кыргызстандын айрым жерлеринде газ берүү убактылуу токтотулат

Жазылуу
Мындай аракеттер газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстандын айрым бөлүктөрүндө газ берүү убактылуу токтотулары тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты. 

Газ плита жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Августта газдын баасы кымбаттайт
Маалыматка караганда көгүлтүр от 11-август күнү саат 8.00дөн 17.00гө чейин Ош шаарындагы Курманжан датка, 8-март жана Жеңиш көчөлөрүндө токтотулат. 

Ал эми 16-17-август аралыгында Чүйдүн Лебединовка айылындагы Мичурин, Чыгыш жана Октябрь көчөлөрүндө газ берилбейт. 

Мындай аракеттер газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0