Иззат Артыковдун энеси Малика: уулумдун чемпион болорун сезип, спортко жетелеп баргам

© AFP / GOH Chai HinРиодо коло медаль тагынган Иззат Артыков. Архив
Риодо коло медаль тагынган Иззат Артыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иззаттай балбанды бул дүйнөгө кайсыл эне алып келгендиги баарына эле кызык болсо керек. Анан да күчтүү эркектин артында сөзсүз түрдө эстүү келинчеги турат эмеспи. Sputnik Кыргызстан агенттиги Риодо коло медаль тагынган Иззат Артыковдун апасы жана келинчеги менен маектешти.
Иззат Артыковдун энеси Малика: уулумдун чемпион болорун сезип, спортко жетелеп баргам

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Риодогу Олимпиадада коло медаль тагынган Иззат Артыковдун апасы Малика Касымова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен баарлашып, кубанычы менен тең бөлүштү.

Балбандын апасын жумушта болгондугуна карабай кепке тарттык. Малика Касымова Москва шаарындагы ресторандардын биринде ашпозчу болуп иштейт. 

"Изаттын жарышка чыкканын өзүм көрбөй калдым. Коло тагынганын угаарым менен ыйлап жибердим. Көп жылдык мээнеттин акыбети кайтып отурат. Азыркыга дейре титиреп, толкундоом кетпей жатат", — деди Касымова. 

Апасы Иззатты 2-классында спортко өзү жетелеп барганын кошумчалады. 

© Фото / из семейного архива Малики КасымовойИззат Артыков энеси Малика менен
Кыргызстанский тяжелоатлет Иззат Артыков с матерью Маликой Касымовой - Sputnik Кыргызстан
Иззат Артыков энеси Малика менен

Рио-2016: жеңиштин көз жашы жана күйөрмандардын сүрөөнү - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: көөдөнгө батпаган кубаныч жана күйөрмандардын сүрөөнү
"Ушул баладан чемпион чыгаарын сезип, кичинекей кезинде оор атлетикага алып баргам. Тырышчаактыгынын аркасы менен көп жыл машыкты. Бала кезинде тентек, абдан шок жигит эле. Жеңиш бир гана биздики эмес, бүткүл кыргыз элиники. Албетте жалпы журтка, өзгөчө машыктыруучуларына терең ыраазычылык билдирем", — деди апасы. 

Ал ортодо Иззаттын кош бойлуу келинчеги Айгерим Замирбекова менен да баарлаштык.

© REUTERS / Yves HermanОор атлетика боюнча кыргызстандык спортчу Иззат Артыков Рио-де-Жанейро шаарындагы жайкы олимпиада оюндарында коло байгеге ээ болду.
Оор атлетика боюнча кыргызстандык спортчу Иззат Артыков Рио-де-Жанейро шаарындагы жайкы олимпиада оюндарында коло байгеге ээ болду. - Sputnik Кыргызстан
1/4
Оор атлетика боюнча кыргызстандык спортчу Иззат Артыков Рио-де-Жанейро шаарындагы жайкы олимпиада оюндарында коло байгеге ээ болду.
© Фото / Кабыл МакешовАртыков жалпысынан 339 килограммды көтөргөн.
Артыков жалпысынан 339 килограммды көтөргөн. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Артыков жалпысынан 339 килограммды көтөргөн.
© Фото / Кабыл МакешовБыйылкы Олимпиада оюндарында бул Кыргызстандын алгачкы жеңиши. Жалпысынан өлкө намысын 19 спортчу коргоп жатат.
Быйылкы Олимпиада оюндарында бул Кыргызстандын алгачкы жеңиши. Жалпысынан өлкө намысын 19 спортчу коргоп жатат. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Быйылкы Олимпиада оюндарында бул Кыргызстандын алгачкы жеңиши. Жалпысынан өлкө намысын 19 спортчу коргоп жатат.
© Фото / Кабыл МакешовОор атлетика боюнча кыргызстандык спортчу Иззат Артыков
Оор атлетика боюнча кыргызстандык спортчу Иззат Артыков - Sputnik Кыргызстан
4/4
Оор атлетика боюнча кыргызстандык спортчу Иззат Артыков
1/4
Оор атлетика боюнча кыргызстандык спортчу Иззат Артыков Рио-де-Жанейро шаарындагы жайкы олимпиада оюндарында коло байгеге ээ болду.
2/4
Артыков жалпысынан 339 килограммды көтөргөн.
3/4
Быйылкы Олимпиада оюндарында бул Кыргызстандын алгачкы жеңиши. Жалпысынан өлкө намысын 19 спортчу коргоп жатат.
4/4
Оор атлетика боюнча кыргызстандык спортчу Иззат Артыков

Иззаттын жубайынын айтымында, спортчунун жеңишин туугандары менен чогуу отуруп көрүшкөн. 

"Иззаттын күч сынашканын туугандар менен чогуу көрдүк. Ичимден жеңип чыгаарына ишенип тургам. Утту деген кабарды угаарым менен ыйлап жибердим. Ал ортодо күйөө балам "жеңе, төрөп койбоңуз эми" деп тамашалап отурду", — деди Замирбекова. 

Ал Иззат үйлөнөөрү менен машыгууларга кеткенин кошумчалады. 

Олимпиада 2016. Тяжелая атлетика. Мужчины. 69 кг - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: Алгачкы медаль — Иззат Артыковдун эрдиги
"Жаңы баш кошоорубуз менен эле машыгууларга жөнөп кетти. Мен бул көрүнүштү түшүнүү менен кабыл алдым. Буюрса мээнети кайтып, медаль тагынып отурат", — деди келинчеги. 

Замирбекова Иззатты аэропорттон өзгөчө тосуп аларын билдирди. 

"Буюрса жолдошумду аэропорттон жакшы көргөн манты тамагы менен тосуп алам. Ал майлуу тамактарды жакшы көрөт ", — деди ал.

Эскерте кетсек, кыргызстандык спортчу Иззат Артыков Риодогу Олимпиадада коло медаль тагынып, намыска жарады.

Кыргызстан Рио олимпиадасында канча медалга үмүтү бар экенин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0