Айыл чарба министрлиги ундун сапатын жогорулатууну көздөп жатат

© Sputnik / Джон Траст / Медиабанкка өтүүУн чыпталары. Архив
Ун чыпталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин нан жасала турган ундун сапатын байытуу боюнча мыйзам кабыл алынган. Айыл чарба министрлиги мыйзамды ишке ашыруу жолдорун сунуштап жатат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ундун сапатын байытууга багытталган мыйзамды ишке ашыруу үчүн токтом долбоорун сунуштап жатат. Документтин долбоору коомдук талкууга коюлду. 

Теплица. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда айыл чарбаны каттоо иштерин 2018-жылга жылдыруу сунушталууда
Министрлик ундун сапатын жакшыртуу менен бир катар оорулардын санын азайтууга шарт түзүлөрүн билдирет. Бул үчүн премикс колдонгон ун комбинаттарына мониторинг жүргүзүү жана сапатын байытуу үчүн борборлоштурулган сатып алууларды уюштуруу зарыл экени белгиленет.

Учурда Саламаттык сактоо министрлигинин лабораторияларында премикстин сапатын текшерүү сунушталып жатат. Ошондой эле курамы байытылган унду колдонуу маанилүү экенин коомчулукка түшүндүрүү үчүн маалыматтык колдоо керек экени белгиленет. 

Маалыматка караганда ундун сапатын байытуу аркылуу кайра иштетүү маалында жоголгон витаминдерди калыбына келтирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0