Изилдөөчүлөр бактылуу никенин дагы бир сырын ачты

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүКол кармашкан жубай. Архив
Кол кармашкан жубай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүзүлгөн иликтөөгө караганда түгөйлөрдүн үчтөн бири жетишсиз уйку үй-бүлөгө терс таасир берерин айткан.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бактылуу никенин дагы бир сыры толук кандуу түнкү уйку болуп эсептелерин РИА Новости CTV News агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Эс алып отурган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар жалкоо адамдар акылдуу болорун далилдешти
Окумуштуулар 68 түгөйдүн карым-катнашын изилдөөгө алып, алардын уйкуга бөлгөн убактысын эсепке алышкан. Натыйжада түнкү уйкуга жетиштүү убакыт бөлгөн түгөйлөр үй-бүлөлүк турмушуна канааттануу менен карашкан. 

Психологдор белгилегендей толук кандуу уйку жашоонун позитивдүү жактарын байкоого шарт түзөт. Бул түгөйлөрдүн бири–бирине жасаган мамилесине дагы өз таасирин тийгизет. 

Адам чарчагандан кийин энергия топтоп, кайрадан калыбына келүүсү өтө маанилүү. Ал үчүн сөзсүз түрдө толук кандуу уйку керек. 

Жүргүзүлгөн иликтөөгө караганда түгөйлөрдүн үчтөн бири жетишсиз уйку үй-бүлөгө терс таасир берерин айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0