КР делегациясы Венгрияда өтчү Көчмөндөр курултайына жөнөп кетти

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүВенгриядагы шарынын бириндеги көчө. Архив
Венгриядагы шарынын бириндеги көчө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Венгрлер аталган курултайга 150 миң кишинин келишин күтүп жатат.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызстандык делегациянын бир бөлүгү Венгрия мамлекетинде өтө турган Көчмөндөр курултайына жөнөп кетти. Бул тууралуу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы режиссеру Алтынбек Максутов билдирди.

Анын айтымында, делегациянын курамына тарыхчылар, окумуштуулар, кол өнөрчүлөр камтылган.

"Курултай 10-августта башталып, 15ине чейин уланат. Кыргызстан да Көчмөндөр оюндарын өткөрүп жаткандыктан бул курултайдын мааниси, аны өткөрүү шарттары биз үчүн абдан кызык", — деди Максутов. 

Көчмөндөр оюндарына катыша турган Венгрия мамлекети бул курултайга 150 миң кишинин келишин күтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0