ТИМ: Түркияда киши өлтүрүүгө шектелген кыздын кыргызстандык экени такталды

© AFP / OZAN KOSEТүрк полиция кызматкери окуя болгон жерде. Архив
Түрк полиция кызматкери окуя болгон жерде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Түркияда киши өлтүрүүгө шектелип кармалган кыздын Кыргызстандын жараны экени такталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, бир катар ЖМКлар 4-августта 24 жаштагы эркек кишинин сөөгү өзүнүн үйүнөн табылганын, анын өлүмүнө 21 жаштагы кыргызстандык Ханзада аттуу кыз шектелип жаткандыгын билдирген. Тартип коргоо кызматкерлерине көрсөтмө берип жаткан кыз күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, эркекти жоолугу менен муунткандыгын айтып берген.

"Учурда Түркияга сурам жөнөттүк. Укук коргоо органдары менен иштеп жатабыз", — деп айтылат билдирүүдө.

ТИМ аталган окуянын чоо-жайы боюнча кошумча маалымат бериле турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0