Көлдө ажылык сапарга бара тургандар атайын окуудан өтүшүүдө

© Sputnik / Артем Креминский / Медиабанкка өтүүМечиттеги адамдар. Архив
Мечиттеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда ажылык сапардын жол-жоболору, шарттары менен милдеттемелер окутулууда.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунан ажылык сапарга бара турган жарандарга ажылыктын шарттары боюнча сабактар башталганын муфтият билдирди. 

Меккада ажылыкта жүргөн мусулмандар - Sputnik Кыргызстан
Ажылык сапарга барчулар коопсуздук боюнча атайын окуудан өтүп жатышат
Сабак Ак-Суу районунда жана Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында уюштурулуп, ажылык сапардын жол-жоболору, шарттары менен милдеттемелер окутулууда. Ажыларга сабак электрондук түрдө өтүп, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов ар бирин кеңири түрдө түшүндүрүп берүүдө.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы ажылык сапарга зыяратчыларды жөнөтүү 16-августта башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0