Борбор калаанын босогосундагы "Бишкек" жазуусу жаңыланат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэирясы. Архив
Бишкек шаарынын мэирясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тазалоо иштеринин натыйжасында 94 аялдама оңдолуп, 72 көрнөк-жарнак такталары алынды.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Борбор калаанын босогосундагы "Бишкек" жазуусу жаңыланат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, шаарды көрктөндүрүү иштери сентябрь айында өтө турган КМШ президенттеринин саммитине карата жасалууда. Мында мэриянын кызматкерлери Манас, Чыңгыз Айтматов жана Жибек жолу проспектилери, ошондой эле Абдрахманов, Байтик баатыр жана Фучик көчөлөрүндө иштеп жатышат.

"Борбор калаанын босогосундагы "Бишкек" деген жазуу 13-15-август күндөрү жаңыланат", — деп айтылат маалыматта. 

Тазалоо иштеринин натыйжасында 94 аялдама оңдолуп, 72 көрнөк-жарнак такталары алынды. 

Мындан сырткары, Манас проспектисиндеги кооптуу делген жети даракты кыюу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0