Зардалы айылына жол каттамы ачылды

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской областиГорная дорога в село Зардалы в Баткенской области. Архивное фото
Горная дорога в село Зардалы в Баткенской области. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кашка-Суу дарыясынан жана Күйөөкелди сайынан өтүүчү көпүрө ашар жолу менен салынып бүттү.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Зардалы айылына жол каттамы ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. 

Зардалы: сел алган көпүрө, жөө-жалаңдап суудан өткөн кемпир-чал менен балдар - Sputnik Кыргызстан
Зардалы: сел алган көпүрө, жөө-жалаңдап суудан өткөн кемпир-чал менен балдар
Маалыматка ылайык, жолду оңдоп-түзөөгө ӨКМ тарабынан комиссия түзүлүп, 870 литр күйүүчү май бөлүнүп, бир даана техника тартылган.

Эскерте кетсек, 29-июлда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, Зардалы айылындагы унаа өтүүчү эки жана жөө киши баскан жолдогу бир көпүрөнү суу алып, жергиликтүү тургундар байланышсыз калышкан.

Кашка-Суу дарыясынан жана Күйөөкелди сайынан өтүүчү көпүрө ашар жолу менен салынып, учурда жергиликтүү калк үчүн унаа каттамы ачылды. 

Ал эми Данги участкасындагы Сох дарыясынан жөө өтүүчү көпүрөгө ӨКМ тарабынан керектүү каражаттар бөлүнүп, учурда курулуш иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0