Польшадан алынган узак жолго чыдамдуу мөмө-жемиштин көчөттөрү Көлгө тигилди

© flickr.com / Timo Newton-SymsКара карагат. Архив
Кара карагат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кийинки жылдан тарта Көлдүн карагаты Россия менен Казакстанга экспорттоло баштайт.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Россия менен Казакстанга экспорттоо үчүн Польшадан карагаттын көчөттөрү алып келинди. Бул тууралуу Карагат фестивалында айыл чарбаны жакшыртуу жана өнүктүрүү борборунун мүчөсү Марат Букараев билдирди.

Анын айтымында, жаңы сорттогу карагаттын 12 миң түбү учурда питомникте өстүрүлүп жатат. Мөмөнүн өзгөчөлүгү — узак жолго чыдамдуулугу.

"Аларды сентябрда жергиликтүү дыйкандарга таратып беребиз. Кийинки жылы коркпой эле Казакстан менен Россияга экспорттой берүүгө жол ачылат. Анткени бул сорт узак мөөнөткө чыдамдуу келет", — деди Букараев.

Ал аймакка карагаттан тышкары Польшадан алма, өрүк, алчанын да жаңы сорттору алып келип тигилгенин белгилеп өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0