10:37 20 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Акча кармап турган адам. Архив

Иш издеп жүргөн жаран шылуунга 2200 сомун алдатып жиберди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
69 0 0

Жабырлануучу милицияга окуядан эки ай өткөндөн кийин кайрылган.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Иш издеп жүргөн жаран шылуунга 2200 сомун алдатып жибергенин Бишкек ШИИБ билдирди.

Милицияга Бишкектин 18 жаштагы тургуну кайрылып, июнь айында "Айчүрөк" дүкөнүнүн жанынан бир киши түнкү клубдун бирине жумушка орноштурам деп убада бергенин айтты. Бул "кызматы" үчүн шылуун жигиттин 2200 сомун алып кеткен. Акырында жабырлануучу акчадан да, жумуштан да жок калган. 

Свердлов районунун милициясы аталган кылмышка шектүү катары Бишкектин 21 жаштагы тургунун кармады. Учурда тергөө амалдары башталып, анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешелүүлүгү текшерилип жатат.

Тема боюнча

Сессиясын бүтүрөм деп студенттин 1700 долларын шыпырып кеткен шылуун кармалды
Бишкектик жаран аскердик кафедрага өтүү үчүн 2,5 миң долларын алдаткан
Белгилер:
милиция, акча, жумуш, шылуун

ЭҢ МААНИЛҮҮ