Өмүр көчү-100: кылым бою сөөгү ачык жаткан аталардын изин басып, куран окудук

© Sputnik / Роман Денисов / Медиабанкка өтүүЖылкы жетелеп тоодо бараткан адам. Архив
Жылкы жетелеп тоодо бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан 100 жыл мурун болуп өткөн каргашалуу окуя — Үркүнгө арналган автожүрүш кечээ башталган.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. 2016-жылкы элдик-боштондук күрөшүнүн 100 жылдыгына арналып кечээ башталган автожүрүш соңуна чыкты. Бул тууралуу анын уюштуруучуларынын бири Дөөлөт Нусупов билдирди.

Эскерте кетсек, жүрүш кечээ, 5-август күнү башталып, иш-чара президенттин колдоосу менен өттү. Сокулуктун Асыл-Баш айылынан сапар алган жүрүштүн катышуучулары Беловодск, Боом капчыгайына, Бөкөнбаев, Барскоон айылдарына барышты. 

"Бүгүнкү иш-чара Каракол шаарында митинг менен башталды. Андан соң облустук театрда "Үркүн" спектаклине күбө болуп, Түп районундагы Кара-Баткак айылына бардык. Тарыхчылардын айтымында, дал ушул жерде кыргыз эли чоң кыргынга учураган. Мындан 25 жыл мурун өткөн эскерүү иш-чарасында таш чогултуп кеткенбиз. Ал жерге куран окуп, Бишкекке жол тарттык", — деди Нусупов.

Ал автожүрүш кылым бою сөөгү көмүлбөй жаткан ата-бабалардын баскан изин басып, куран окутуу максатын көздөгөнүн белгиледи. Нусуповдун айтымында, мындай иш-чара кыргыз элин ынтымакка, биримдикке чакырып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0