Карагат FEST: Көлдүн Ак-Суусунда мөмө-жемиш фестивалы өтүп жатат

© Sputnik / Айида БатырбековаЫсык-Көлдүн Ак-Суу районунда Карагат FEST мөмө-жемиш фестивалы
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда Карагат FEST мөмө-жемиш фестивалы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль жергиликтүү бийлик жана AVEP коомдук фондусу тарабынан уюштурулган.

ЫСЫК-КӨЛ, 6-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда Карагат FEST мөмө-жемиш фестивалы өтүп жатат.

Быйыл төртүнчү ирет болуп жаткан иш-чараны өткөрүү эстафетасын былтыр Түп району Ак-Сууга өткөрүп берген.

© Фото / Айида БатырбековаЫсык-Көлдүн Ак-Суу районунда Карагат FEST мөмө-жемиш фестивалы өтүп жатат
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда Карагат FEST мөмө-жемиш фестивалы өтүп жатат - Sputnik Кыргызстан
1/4
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда Карагат FEST мөмө-жемиш фестивалы өтүп жатат
© Фото / Айида БатырбековаБыйыл төртүнчү ирет болуп жаткан иш-чараны өткөрүү эстафетасын былтыр Түп району Ак-Сууга өткөрүп берген
Быйыл төртүнчү ирет болуп жаткан иш-чараны өткөрүү эстафетасын былтыр Түп району Ак-Сууга өткөрүп берген - Sputnik Кыргызстан
2/4
Быйыл төртүнчү ирет болуп жаткан иш-чараны өткөрүү эстафетасын былтыр Түп району Ак-Сууга өткөрүп берген
© Фото / Кыялбек ТазабековФестиваль жергиликтүү дыйкандар менен Россия жана Казакстандан барган ишкерлердин ортосундагы байланышты түзүү, өстүрүлгөн мөмө-жемишти экспорттоого жол ачып берүү болуп саналат
Фестиваль жергиликтүү дыйкандар менен Россия жана Казакстандан барган ишкерлердин ортосундагы байланышты түзүү, өстүрүлгөн мөмө-жемишти экспорттоого жол ачып берүү болуп саналат - Sputnik Кыргызстан
3/4
Фестиваль жергиликтүү дыйкандар менен Россия жана Казакстандан барган ишкерлердин ортосундагы байланышты түзүү, өстүрүлгөн мөмө-жемишти экспорттоого жол ачып берүү болуп саналат
© Фото / Кыялбек ТазабековАк-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитовдун айтымында, аймакта карагат 69 гектарга эгилсе, ал эми жалпы мөмө-жемиш 803 гектарга өстүрүлөт.
Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитовдун айтымында, аймакта карагат 69 гектарга эгилсе, ал эми жалпы мөмө-жемиш 803 гектарга өстүрүлөт. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитовдун айтымында, аймакта карагат 69 гектарга эгилсе, ал эми жалпы мөмө-жемиш 803 гектарга өстүрүлөт.
1/4
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда Карагат FEST мөмө-жемиш фестивалы өтүп жатат
2/4
Быйыл төртүнчү ирет болуп жаткан иш-чараны өткөрүү эстафетасын былтыр Түп району Ак-Сууга өткөрүп берген
3/4
Фестиваль жергиликтүү дыйкандар менен Россия жана Казакстандан барган ишкерлердин ортосундагы байланышты түзүү, өстүрүлгөн мөмө-жемишти экспорттоого жол ачып берүү болуп саналат
4/4
Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитовдун айтымында, аймакта карагат 69 гектарга эгилсе, ал эми жалпы мөмө-жемиш 803 гектарга өстүрүлөт.

Фестиваль жергиликтүү дыйкандар менен Россия жана Казакстандан барган ишкерлердин ортосундагы байланышты түзүү, өстүрүлгөн мөмө-жемишти экспорттоого жол ачып берүү болуп саналат. 

Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитовдун айтымында, аймакта карагат 69 гектарга эгилсе, ал эми жалпы мөмө-жемиш 803 гектарга өстүрүлөт. Аларды көбөйтүү үчүн райондо күнөсканаларды куруу активдешкен. Мындан тышкары, жакында эле карагаттын түшүмдүүлүгүн 60 пайызга жогору бере турган жаңы сорттор алып келинген.

Оймо фестивалы. - Sputnik Кыргызстан
"Оймо-2016": кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси Чолпон-Атада уланууда
Ал эми Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин дыйканчылыкты өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Жигиталы Жумалиев башка мамлекеттен мөмө-жемиштин көчөттөрүн алып келүүдө 12 пайыздык кошумча нарк салыгынан жана 5 пайыздык бажы төлөмүнөн бошотуу боюнча маселе көтөрүлүп жатканын айтты.

Кыргызстан гимнинин жаңыруусу менен башталган фестивалда мөмө-жемиш көргөзмөлөрү уюштурулуп, карагат боюнча мастер-класстар өтүүдө. Иш-чара оюн-зоок, ар кандай конкурстар менен коштолуп жатат.

Фестивалдын соңунда Карагат FEST иш-чарасын өткөрүү эстафетасы Ысык-Көл районуна өткөрүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0