Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк жаштар курултайы өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн бала. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын ачылыш аземине 1200дөн ашуун адамдын катышуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстанда алгачкы ирет Бүткүл дүйнөлүк жаштар курултайы өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучулардын бири "Саякбай манасчы" коомдук фонду билдирди.

Иш-чара 11-август күнү Бишкек шаарында башталып, 15-августка чейин Ысык-Көлдө уланат. 

"11-август күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Бүткүл дүйнөлүк жаштар курултайынын ачылыш аземи өтөт. Ага 1200дөн ашуун коноктордун келиши күтүлүүдө. Курултайга ар тармактын жаш лидерлери, диаспора жетекчилери катышат", — деп айтылат маалыматта. 

Бүткүл дүйнөлүк жаштар курултайы — спорт, илим, маданият, бизнес жаатындагы жаш лидерлердин башын бириктирип, бир канча долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0