Министрлик: Боомдо атайылап таш түшүрүлө баштайт

© Фото / Бекжан СагынбаевБоом капчыгайында түшкөн таштар. Архив
Боом капчыгайында түшкөн таштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы мезгилде аталган капчыгайда көп ирет таш кулап, жолду тосуп, адам өлүмүнө алып келген учурлар кездешкен.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Боом капчыгайында бүгүн, 5-августтан баштап кооптуу жерлердеги иштин көлөмүн аныктап, атайылап таш түшүрүү боюнча иштер башталат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Боом капчыгайында ураган таштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тынбай таш кулаган Боом: жамгыр төктү, эч басылбай… же күнөө кимде?
Эскерте кетсек, акыркы мезгилде аталган капчыгайда көп ирет таш кулап, жолду тосуп, адам өлүмүнө алып келген учурлар кездешкен. Ал эми адистер жол салганда тоонун катмары козголуп калгандыктан Боомдо улам таш түшүп жатканын айтышкан.

Иликтөө иштеринин натыйжасында аймактан 94 сел жүрүү, 16 таш-топурак түшүү жана эки жер көчкү жүрүү коркунучу күч жерлер аныкталган. Ушу тапта анын 21ине өтө кооптуу деген баа берилген. 

Бүгүн баштала турган аныктоо жана таш түшүрүү иштеринен улам аталган министрлик Боом капчыгайы аркылуу өтүүчү айдоочуларга этият болуп, жол белгилерине кайдыгер болбоого чакырат.


Жаңылыктар түрмөгү
0