Бишкектик тургун өмүрүн сактап калган таксистти издөөдө

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүТаксинин шашкасы. Архив
Таксинин шашкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурбек Сатимбаев Honda үлгүсүндөгү унаасы менен аңга түшүп кете жаздаган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургуну Нурбек Сатимбаев өмүрүн сактап калган таксистти издеп жаткандыгын Facebook социалдык тармагына жарыялады. 

Анын айтымында, өтүп бара жаткан эле таксист аны өлүмдөн алып калган.

"Мен Honda үлгүсүндөгү унаам менен христиандардын мүрзөсү тараптан бара жатып, байкабастан аңга түшүп кете жаздадым. Чөп өсүп калгандыктан алдымдагы эки метрлик аңды көрбөй калыптырмын. Тормозду басканыма карабай, унаамдын алдыңкы дөңгөлөгү жерге тийбей илинип калды. Бир эле туура эмес аракет кылсам, унаам менен аңга сайылмакмын. Ал аңда арматуралар бар экен", — деп жазат Сатимбаев. 

Аңгыча ары жактан өтүп бара жаткан таксист жардамга келген. 

"Кокустан өтүп бара жаткан таксист жардамга кол сунуп, трос менен артка тартып алды. Мен өзүмө келе албай жаткандыктан ага рахмат айтып, кетип калдым. Арадан жарым саат өткөн соң эсиме келип, таксистке ыраазычылык билдирүүнү чечтим", — деп билдирет ал. 

Таксинин шашкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик тургун өмүрүн сактап калган таксистти издөөдө
Сатимбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине таксисттин унаасы Mercedes Benz үлгүсүндө экендигин билдирди. 

"Жашы 30дар чамасында болсо керек. Чачын кыска кылып кырктырып алган экен. Көрсөм дароо тааныйм. Түштөнүүгө чакырып, достошкум келет", — деди Сатимбаев. 

Ал интернет колдонуучуларды көмөктөш болууга чакырат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0