Кийинки жылы Кыргызстандын эки шаарында төрөт үйү курулат

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүТөрөт үйүндө ымыркайды колго алган киши. Архив
Төрөт үйүндө ымыркайды колго алган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы төрөт үйлөрү заманбап стандарттар менен куруларын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. 2017-жылдын март айынан тарта Баткен менен Жалал-Абад облустарында төрөт үйлөрү курула турганын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Дары дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кургак учук — IV" программасын ишке ашыруу үчүн 31 миллион доллар жумшалат
Министр Талантбек Батыралиев SWAP долбоорунун Социалдык коргоо жана саламаттык сактоо долбоорунун координатору менен жолугуп,  кошумча каржылоо маселелерин талкуулады.

Жолугушууда курулушту жүргүзүү, медициналык жабдыктарды сатып алуу боюнча отчеттер каралды. Эми жакын арада тендер жарыяланат.

Министр жаңы төрөт үйлөрү калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүнү арттырарын айтып, курулушту совет доорундагыдай эмес, заманбап стандарттар менен салуу керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0