Имамдар тайм-менеджмент жана IT–технологиясы боюнча билим алышты

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМечит. Архив
Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуу курсунун аягында 168 молдого атайын сертификаттар тапшырылды.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана "Ыйман" фонду биргеликте уюштурган эки жумалык имамдарды окутуу курсу аяктады. Бул тууралуу муфтият билдирди. 

Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан катышкан 168 мечит имамына курсту ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн сертификаттар тапшырылды.

Окуу курсунун программасында диний сабактардан сырткары "Тайм-менеджмент", "IT –технология", "Исламдагы укук негиздери", "Кеп маданияты" жана "Сүйлөө чеберчилиги" сабактары киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0