Окумуштуулар: толук адамдардын мээси бат картаят

© AFP / FRED DUFOURТолук бала. Архив
Толук бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөгө 20 жаштан 80 жашка чейинки жарым миңден ашуун адам катышкан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Толук адамдардын мээси 10 жылга эрте картаят. Бул тууралуу РИА Новости Neurobiology of Aging журналына таянуу менен жазып чыкты. 

Кембридж университетинин профессору Лиза Ронандын айтымында, толук адамдардын мээ клеткалары арык кишилердикине караганда батыраак кичирейет. 

"Адам баласынын жашы улгайган сайын мээси кичирейе берет. Ал эми эмнегедир толук адамдардын мээси бат кичирейерин изилдөөлөр көрсөттү. Биз эмне үчүн мындай болорун аныктай элекпиз", — деди Лиза Ронан. 

Изилдөөгө 20 жаштан 80 жашка чейинки жарым миңден ашуун адам катышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0