Манасчылар үчүн атайын форма тигилет

© Фото / пресс-служба фонда "Саякбай манасчи" "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун негиздөөчүсү Самат Ибраев жана маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Түгөлбай Казаков.
Саякбай манасчы коомдук фондусунун негиздөөчүсү Самат Ибраев жана маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Түгөлбай Казаков. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгени "Саякбай манасчы" коомдук фонду Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте ишке ашырат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Манасчыларга арналып атайын форма тигилет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун негиздөөчүсү Самат Ибраев билдирди. 

Анын айтымында, аталган маселе маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Түгөлбай Казаков менен талкууланды. 

"Бүгүн министр менен жолугуп, манасчыларга атайын форма тиктирүү керектигин сүйлөштүк. Азырынча кийим кандай болору тактала элек. Буюрса, манасчылар жаңы улуттук формага ээ болушат", — деди Ибраев. 

Ал аталган демилге Түгөлбай Казаковго таандык экенин кошумчалап, аракет "Саякбай манасчы" коомдук фондусу менен биргеликте ишке ашырыла турганын айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0