Гемодиализ алган 10 адамга муфтият акчалай жардам көрсөттү

Жазылуу
Ушундай эле жардамдар Орозо айында арыз менен кайрылган муктаж жарандарга да таратылууда.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бөйрөгүнөн жабыркап гемодиализ алып жаткан 10 жаранга мусулмандар дин башкармалыгы 50 миң сомдук жардам көрсөткөнүн муфтият билдирди.

Маалыматка ылайык, жардам 2016-жылдагы битир-садаганын эсебинен берилген.

Бейтаптарды муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев тосуп алып, оору Кудайдан болгон сыноо экенин айтып, тез арада сакайып кетүүлөрүн каалады.

Ушундай эле жардамдар Орозо айында арыз менен кайрылган муктаж жарандарга да таратылууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0