Тез жардам дарыгерлери айлык акыга кошулган каражат үчүн ыраазычылык билдиришти

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматкери. Архив
Тез жардам кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан баштап аталган станция кызматкерлеринин маянасы 1,5 миң сомго жогорулады.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкек Тез жардам станциясынын жамааты шаардык кеңештин депутаттарына жана мэрияга кызматкерлердин айлыгын көтөрүп бергени үчүн ыраазычылык билдиришүүдө. Бул тууралуу аталган станция кабарлады.

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан баштап аталган станция кызматкерлеринин маянасы 2500 сомдон 4000 сомго чейин жогорулады. Дарыгерлер ушу тапта айлык акыларын алышты.

"Шаардык кеңештин депутаттарына, мэр Албек Ибраимовго, өзгөчө социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айгүл Рыскуловага чексиз алкыш", — деп айтылат билдирүүдө.

Кызматкерлер алар үчүн кошумча каражат бир топ акча экенин белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0